"Тынчтык булагы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта 24 террорист жок кылынды

24 террорист десанттык бөлүктөрдүн операциясында жок кылынды.

1391077
"Тынчтык булагы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта 24 террорист жок кылынды

Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган ЙПГ/ПКК террордук уюмунун мүчөсү 24 террорист десанттык бөлүктөрдүн операциясында жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Террордук уюм ПКК/ЙПГнин «Тынчтык булагы» аймагында тынчтык жана ишеним чөйрөсүн бузууга карата террористтердин аймакка кирүү аракети каарман десанттар тарабынан тоскоолдукка учурады. ПКК/ЙПГнин 24 террористти ийгиликтүү операцияда максатына жетпестен жок кылынды»,- деп билдирилди.

Бир тараптан ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларынын негизинде март айында жүргүзүлгөн 8041 операцияда 89 террорист жок кылынган.



Тектеш кабарлар