Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу швециялык кесиптешин куттуктады
Швецияда үй - бүлөсүнө убакыт бөлө албагандыктан тышкы иштер министрлиги кызматынан кеткен Марго Вальстрёмдун ордуна соода министри Энн Линде дайындалды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швецияда тышкы иштер министрлигине дайындалган Энн Линдени куттуктады.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда Чавушоглу менен швециялык кесиптеши Линде телефон аркылуу сүйлөштү. Чавушоглу Швецияда тышкы иштер министрлигине дайындалган Линдени куттуктады.
Швецияда үй - бүлөсүнө убакыт бөлө албагандыктан тышкы иштер министрлиги кызматынан кеткен Марго Вальстрёмдун ордуна соода министри Энн Линде дайындалды.
Соода министри болуп турган кезде 2017 - жылы барган Иранда жоолук салгандыгы жана сүйлөшүүлөргө жоолугу менен киргендиктен ашыкча оңчулдардын катуу сынына кабылган. Линде сындарга карата үй ээси өлкөнүн сезимталдуулуктарына сый көрсөтүлүшү керектигин айткан. Линде 2008 - жылы Израилдин борбор шаары Тель Авивде бир паннелде : «Тынчтык үчүн эң негизги шарт Израилдин Палестина жерлерин басып алууну токтотушу керек»,- деген.
Министр Линде 2011 - жылы да Швеция – Палестина коому тарабынан «Жылдын Палестина досу» сыйлыгына ылайык көрүлгөн.