Тышкы иштер министри Венгрияда премьер - министр тарабынан кабыл алынды
Чавушоглу кечээ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк Кеңешинин Европа кеңсесинин ачылышына катышуу үчүн Венгрияга барып премьер - министр Орбан менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын борбор шаары Будапештте премьер - министри Виктор Орбан тарабынан кабыл алынды. Чавушоглу кечээ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк Кеңешинин Европа кеңсесинин ачылышына катышуу үчүн Венгрияга барып премьер - министр Орбан менен жолугушту.
Премьер - министрликтин имаратында өткөн жолугушуу көрүнүштөр алынгандан кийин массалык маалымат каражаттарына жабык улантылды. Чавушоглу жолугушуудан кийин твиттерден берген маалыматында : «Венгриянын премьер - министри Виктор Орбанга Будапештте Түрк Кеңешинин өкүлчүлүк кеңсесинин ачылышына берген колдоосунан улам ракмат айтабыз»,- деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.