Улуттук Чалгындоо Уюму террористтердин жок кылынгандыгын билдирди
Улуттук Чалгындоо Уюму террорист Ребани менен коштоосундагы Амуде - Бербесийе аймагынын жооптуусу "Рухаз Амуде" каймана аттуу Мазлум Эсатты жок кылды.
Улуттук Чалгындоо Уюму Сириянын Камышлы аймагында 6 - августта жүргүзүлгөн операцияда ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмдун Амуде - Дербесийе аймагынын жооптуусу, Иран тектүү "Резан Жавит" каймана аттуу Юсиф Мехмуд Ребанини жок кылды.
Улуттук Чалгындоо Уюму ПКК жикчил террордук уюмунун Хафтанин аймактык жооптуусу болуп турган мезгилде түрк куралдуу күчтөрүнө карата кол салуулардын көрсөтмөсүн берген террорист Ребанинин Сирияда болгондугун аныктады.
Изилдөөлөрдөн кийин операцияны ишке ашырган Улуттук Чалгындоо Уюму террорист Ребани менен коштоосундагы Амуде - Дербесийе аймагынын жооптуусу "Рухаз Амуде" каймана аттуу Мазлум Эсатты жок кылды.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.