Улуттук колдошуу акциясына карата жардамдар

Женгиз холдинг коронавирус эпидемиясы менен күрөшкө колдоо берүү максатында 34 миллион түрк лирасын багыштады.

1391200
Улуттук колдошуу акциясына карата жардамдар

 Президент Р. Т. Эрдоган баштаган «Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» деген чакырууга карата колдоо күн өткөн сайын өсүп баратат.

Өлкөнүн төрт тарабынан «Улуттук колдошуу акциясына» абдан чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө.

Женгиз холдинг коронавирус эпидемиясы менен күрөшкө колдоо берүү максатында 34 миллион түрк лирасын багыштады.

Догуш фирмалар группасы да акцияга 15 миллион түрк лирасы кошумчалап, фирманын мейманканалары да мөөнөтсүз саламаттык сактоо кызматкерлерине бөлүндү. Фирма өзгөчө 500 000 маска да тапшырды. Йылдызлар инвестиция холдинги акцияга 5 миллион түрк лирасы акчалай жардам берди.

Түркия жумушчулар профсоюздары конфедерациясы болсо Улуттук колдошуу акциясына 3 миллион түрк лирасы кошумчалады.

Армян фонддор биримдиги да Улуттук колдошуу акциясына 500 миң түрк лирасы салым кошушкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар