Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Хатайга барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк аскерлеринин башка операцияларда болгондой «Зайтун бутагы» операциясында да бир дастан жазгандыгын айтты.

1129820
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Хатайга барды
akar hatay zeytin dali1.jpg

 

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк аскерлеринин башка операцияларда болгондой «Зайтун бутагы» операциясында да бир дастан жазгандыгын айтты.

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен Хатайда чек ара жолундагы бөлүктөрдө текшерүү жана иликтөө жүргүздү.

Африндеги террор буталарына карата аткарылган жана ийгиликтүү аяктаган «Зейтин далы» операциясына катышкан командалар менен жолугушкан Акар 2018 -  жылы 20 -  январда башталган операциянын эл аралык мыйзамга ылайык, Түркиянын мыйзамдарын жана мыйзамды коргой тургандай түрдө адам укуктарын тебелебестен, күнөөсүз кишилерге зыянын тийгизбестен, экологияга, тарыхый, диний чыгармаларга эч бир зыянын тийгизбестен абдан чоң ийгилик менен 18 -  мартта аяктагандыгын эске салды. Акар : «Башка операцияларда болгондой Мехметчик «Зайтун бутагы» операциясында да бир дастан жазды, абдан чоң ийгиликке жетишти»,- деди.

Азыркы учурда маселе жараткан аянт катары Манбиж жана Евфраттын чыгышы экендигин айткан Хулуси Акар булар тууралуу керектүү даярдыктар жана пландардын түзүлгөндүгүн билдирди.

Убактысы келгенде бул жердеги операциялардын да ишке ашырыларын баса белгилеген Акар : «Бул иштерди улантып жатып Сириянын да Ирактын да жеринин бүтүндүгүнө, саясий бүтүндүгүнө сый көрсөтөбүз жана булардын бүтүндүгүн каалайбыз»,- деди. Максаттарынын террористтер экендигин баса белгилеген Акар : «Эч ким шектенбесин, эч качан күрт бир туугнадарыбыз эмес, болбойт да. Мындай нерсени ойлонбоңуздар»,- деди. Акар террор менен күрөшүүнү акыркы террористти жок кылганга чейин улантышарын баса белгилеп : «Өлкөбүздүн түштүгүндө Сириянын түндүгүндө кандайдыр бир террордук коридордун курулушуна да уруксат бербейбиз. Мындай нерсе эч качан сөз боло албайт. Чек араларыбыздын, элибиздин коопсуздугу үчүн колубуздан келген бардык аракетти көрсөттүк жана көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар