Жамала согуштан жапа чеккен украиналык балдарга концерт берди
2016 - жылы Евровидение ыр конкурсунда биринчиликти алган, Атлантика Кеңешинин 2022 – жылдагы мыкты көркөм лидерлик сыйлыгынын ээси Жамала шоудан кийин сахнада сүйүлгөн ырларын аткрады.
Крымдык өнөрпоз Жамала согуштан жапа чеккен украиналык балдар үчүн Түркияда концерт берди.
Баш калкалоочулар жана мигранттар менен тилектештик коому менен «Согушсуз балалык» долбоорунун жетекчилиги менен Анталья ачык асман театрында уюштурулган концерттин алдында украиналык балдар бий шоусун көрсөтүштү.
2016 - жылы Евровидение ыр конкурсунда биринчиликти алган, Атлантика Кеңешинин 2022 – жылдагы мыкты көркөм лидерлик сыйлыгынын ээси Жамала шоудан кийин сахнада сүйүлгөн ырларын аткрады.
Концертте Украиананын Анталья консулу Эмир Рустамов, «Согушсуз балалык» долбоорунун куруучусу Руслан Шотак жана Баш калкалоочулар жана мигранттар тилектештиги коому менен «Согушсуз балалык» долбоорунун башкы координатору Ибрахим Вургун Кавлак менен бирге көп сандаган украиналык жана түрк көрүүчү катышты.
Концерттер менен Антальяда башка мейманканаларда калган 1500гө жакын украиналык балага моралдык жана тилектештик атмосферасын түзүүнү максат кылганы белгиленди.