Өмүрүн динди туура түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө арнаган Имам Матуриди

Матуриди фикх, калам, тафсир жана башка дин илимдерин терең өздөштүрүп, өз доорунун белгилүү жол баштагана алымдарынан болгон.

10 Haziran 2022 21:40

Абу Мансур ал-Матуриди бүгүнкү Өзбекстандын Самарканд шаарынын жанындагы Матурид деген айылда туулган. Ушундан улам аты-жөнүнө туулган жери кошулуп, ал-Матуриди ас-Самарканди деп айтылган.

Ал кайсы жылы туулгандыгы боюнча так маалымат жок. Кээ бир изилдөөчүлөр 863-жылы туулган деп боолголошот.

Матуриди фикх, калам, тафсир жана башка дин илимдерин терең өздөштүрүп, өз доорунун белгилүү жол баштагана алымдарынан болгон. Анын көз караштарынын негизинде Мавераннахр аймагында матуридилик мазхабы түптөлгөн.

Исламды күч менен эмес, сөз менен жайылтууну жактаган.

Анын толеранттуу, объективдүү жана заманбап көз караштары ислам аалымдарынын арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон.

Чыныгы ыйман сокур ишеним менен эмес, Аллах берген акылды колдонуу менен болот деген ойду жактаган.

Имам Матуриди ишенимге, башкача айтканда акыйда маселелериндеги көз караштарында өзүнүн усулу менен айырмаланат. Ал кайсы бир маселеде пикирин билдиргенде аят-хадистер менен бирге учурдун шарттарын, тарыхый окуяларды да эске алып, акыл менен да далил келтирген.

«Китабут-тавхид» – Матуридинин калам жана акыйда боюнча көз караштарын камтыйт. Муну менен бирге башка ислам мазхабдары жана кээ бир диний агымдар жөнүндө да маанилүү маалыматтар берилген. Бул китеп матуридилик мазхабынын негизги булагы болуп саналат. 

Ал 944-жылы Самаркандда дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар