18

18-кылымдагы түркмөн акыны: Довлетмаммед Азади 

Түркмөн акыны Довлетмаммед Азади 1700-1760-жылдары жашап өткөн. Фарс, араб, чагатай тилдеринде ыр жазган улуу акын болгон.

24 Haziran 2022 22:14

Довлетмаммед Азади Түркмөнстандын түштүк-батышында жайгашкан Гарригалада туулган.

Этректи жердеген Гөклен түркмөндөрүнөн.

Алгачкы билиммин айылда алган. Кийин Хива медресесинде окуган.

Фарс, араб, чагатай тилдеринде ыр жазган улуу акын болгон.

Азади, 18-кылымдагы дидактикалык салттын эң маанилүү өкүлү болуп, көптөгөн түркмөн акындарына, өзгөчө Махтумкулуга таасир эткен.

Араб, фарс, чагатай тилдерин мыкты өздөштүрүп, бул тилдердеги чыгармаларды, негизги булактарды окуган.

Азадинин адабий чыгармачылыгынын өзөгүн борбордук бийликтин жоктугунан келип чыккан кыйынчылыкты сезүү түзөт.

Акын өз милдеттерин так аткарбаган мамлекеттик башкаруучуларга, дин кызматкерлерине нааразы болуу менен бирге ошол кездеги элдин сезимин, мүдөөсүн агылдырган.

Чыгармаларында  адамдык сапатты ар дайым бийик туткан. Акындын бүткүл максаты — элдин турмушун жакшыртуу, жыргалчылыгын жогорулатуу болгон.

Довлетмаммед Азадинин чыгармалары Түркмөнстан илимдер академиясынын Гольский кол жазмалар институтунда сакталуу.

Жаңылыктар