2-4

2-4-июнда "Зейтинбурну-түрк дүйнөсү" аттуу аңгеме фестивалы өтөт

Зейтинбурну акимчилиги демилгелеген адабий иш-чара бул жылы 4-ирээт уюштурулууда

27 Mayıs 2022 08:19

Зейтинбурну акимчилиги тараткан маалыматка караганда, адабий иш-чара түрк дүйнөсүнөн белгилүү адабиятчылардын катышуусунда өтөт.

Фестиваль белгилүү Азербайжандык ырчы Азериндин концерти менен ачылып, Фатемах Жафаринин минятура көргөзмөсү өтөт.

Фестивалдын бул жылкы темасы: "Окуянды эсте".

Фестиваль алкагында Нежип Тосун жана Абдуллах Харманжы баштаган 39 адабиятчы менен баарлашуу болот.

Зейтинбурну районунун акими Өмер Арысойдун маалыматына караганда, фестиваль алкагында адабият тармагындагы заманбап көйгөйлөр талкууланат. Ошондой эле аңгеме жанрынын бүгүнкүсу жана эртеңкисине баа берилет. 

Фестиваль боюнча кеңири маалыматты "zeytinburnukultursanat.com" адресинен алууга болот.

Жаңылыктар