2-1

2 жылда Улут китепканасына 1 миллиондон ашык окурман келген

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен болжол менен 2 жыл мурда ачылган Президенттик аппараттын алдындагы Улут китепканасына 1 миллион 39 миң киши келген.

16 Ocak 2022 12:58

Президенттик аппараттын алдындагы Улут китепканасы өлкө Президенти Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен 20-февраль 2020-жылы ачылган. Китепкананын ачылышына көп сандагы коноктор катышкан. Китепкананын фондунда 140 тилде басылып чыккан 4 миллион 100 миң эмгек жана 200 миллиондон ашык электрондук булак сакталган.

Ошондой эле мамлекеттик архивдеги 30 миллиондон ашык документи жана түрк кол жазмалар мекемесинин 100 миңден ашуун эмгеги санариптик чөйрөдө колдонууга ачылган.

Китепкана 7 күн бою ачык. 2020-жылы аталган китепканага 315 710 окурман келген.

Китепкана бир убакта 2500 окурманга кызмат көрсөтө алат

Пандемиядан улам 2020-жылдын 15-мартынан 31-майына чейин китепкана окуучуларга эшигин жапкан. 2020-жылдын 1-июнунан тарта таңкы саат 09.00дан кечки 18.00ге чейин окурманда эшигин ачып, бирок, бир убакта 1000 кишини гана тейлей алган. Ковид-19 инфекциясына каршы эмделгендердин саны артып, Улуттук билим берүү министрлигине караштуу билим берүү мекемелери жана жогорку окуу жайлар ачылган соң, Улут китепканасы бир убакта 2500 кишиге кызмат көрсөтө баштады.

Китепканага ID карта же QR код менен кирүүгө болот

2021-жылы Улут китепканасына 673 121 окурман келген. Алардын ичинен 1548и башталгыч мектептердин, 8216сы орто мектептердин, 243 206сы лицейдин окуучулары болсо, 375 239у бакалавр, 27 342си магистратура, 17 570и докторантурада окуган студенттер.

Китепканага Түркиянын жарандары ID карта же QR код менен, ал эми чет өлкөнүн жарандары паспорт менен кире алат.

2400 орундук автопаркы бар.

Окурмандарга суу, ысык ичимдиктер, 12.00дон 14.00го чейин жана 18.00дон 20.00а чейин акысыз шорпо, 24.00дон 08.00го чейин акысыз кек таратылат.

Китепканага 32 өлкөдөн жарандар келген

Улут китепканасына 2021-жылы 32 мамлекеттин премьер-министри, парламенттин спикерлери, министрлер жана элчилер келишкен.

Билим берүү борборунун Илим жана технология бөлүмүндө 72 иш-чара өткөн. Насреддин Хожа атындагы балдар бөлүмүндө 34 иш-чара өткөрүлгөн.

Китепканада улуттук жана эл аралык деңгээлдеги бир катар иш чаралар уюштурулган.  Алардын айрымдары: "29-октябрь жана улуттук күрөш көргөзмөсү", "100 объектте Ислам илиминин тарыхы ","Сүрөттөр сүйлөйт" аталыштагы санариптик сүрөт көргөзмөсү, "Ибрахим Эфенди басмаканасындагы көрүнүштөр" көргөзмөсү, "Казакстан Жолу Түрк Биримдиги" көргөзмөсү жана "Кыргызстан сүрөт көргөзмөсү".

Китепканада Президент Эрдогандын жаштар менен жолугушуулары да болуп турат.

Ошондой эле "Юнус Эмре жана түрк тили","Ахи Эвран жана Ахилик","Кул Кожо Ахмед Ясави" "Улуттук гимнибиз: биздин сөздүк мекенибиз" аталыштагы маданий иш-чаралар уюштурулуп, бир катар китептердин бет ачаары өткөн.

 

Anahtar Kelimeler: Улут китепканасы, Түркия,

Жаңылыктар