2020-100

2020-жылы тишин дарылатуу үчүн Түркияга 100 миң бейтап келген

Түркия–cаламаттыкты сактоо жаатында дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Түркияга ден-соолук издеп келген чет өлкөлөрдүн саны арбын.

22 Mart 2021 15:37

Түркия–Cаламаттык системасы өнүккөн дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарында. Бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөлүк миңдеген жаран ден-соолук издеп Түркияга келген. Бейтаптар көбүнчө чач көчүрүү процедурасы, пластикалык хирургия жана экстракорпоралдык уруктандыруу үчүн Түркияны тандашат.

Тишин дарылатуу үчүн келгендердин көпчүлүк бөлүгү Европалыктар

Түркияда тиш дарылоо тармагы абдан өнүккөн. Ушул себептүү өлкөгө келип тишин дарылаткан бейтаптардын саны арбын. Алсак 2020-жылы Түркияга тишин дарылатуу үчүн 100 миң бейтап келген. Алардын көпчүлүк бөлүгү Европалыктар.

Тиш дарылоо процесси тез жана ыңгайлуу баада

Тиш дарыгери Шейма Атачтын айтымында Европанын саламаттык системасы жай иштейт. Андан сырткары баалар өтө эле жогору. Ал эми Түркияда тиш дарылоо процесси тез жана эң негизгиси ыңгайлуу баада. Ал эми дарылоодо колдонулган технология сапаттуу. Дарыгерлер тажрыйбалуу.

Дарылануу жана эс алуу

Чет өлкөлүктөр Түркияга көбүнчө эстетикалык пломба, имплантация, ортодонтия, жылмаюу эстетикасы жана стоматологиялык протездерди тактыруу үчүн келишет. Тишин дарылатуу менен бирге Түркияны кыдырып кетишет. Ошентип алар дарылануу менен бирге көңүлдүү эс алуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Cаламаттык системасы, Тиш дарылоо,

Жаңылыктар