2500

2500 жылдык байыркы шаар: Бухара

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Бухара шаары түрк-ислам цивилизациясында манилүү орунга ээ.

01 Nisan 2021 15:31

Бухара – Өзбекстан Республикасындагы байыркы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Букар вилайетинин администрациялык борбору болуп саналат.

Археологиялык маалыматтар боюнча биздин замандын 1-кылымынан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-кылымдан эскерилет.

Чыгыш менен батышы байланыштырган Улуу Жибек жолунун боюнча жайгашкан бул легендарлуу шаар тарых бою өсүп-өнүгүү мезгилин баштан кечирип, улам жанданып, көрктүү шаарга айланган. Бухара байыртадан эле Орто Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, маданияты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай жана башка өлкөлөр менен соода кылган.

Учурда Бухара шаары тарыхый жана маданий байлыгы менен көз жоосун алган ири шаарлардын катарын толуктайт.

Шаарда 700гө жакын тарыхый, маданий эстеликтер сакталып калган. Бүгүнкү күндө эстеликтерди мамлекет коргоого алган.

1997-жылы Бухара шаарынын 2500 жылдыгы белгиленген. Тарыхый шаар 1993-жылы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Бухара шаарындагы «Арк» хан сарайы, Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү, тегерете кыш менен оймолонгон Пои-Калян Калян мунарасы,  Ортоңку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити, Улугбектин медресеси,  үстү жабык Абдулла-хандын базары өзгөчө көрктүү келип, туристтерди тартып турат.

 

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, Бухара, Тарыхый шаар,

Жаңылыктар