2500

2500 жылдык даам: Өзбек палоосу

Палоо-Өзбек ашканасында өзгөчө мааниге ээ. Өзбекстанда палоо басуунун 100дөн ашык түрү бар.

21 Nisan 2021 12:18

 

Өзбекстанда палоо тамагы салттуу тамак болуп эсептелет. Өзбек палоосу ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Өзбек палоосу күнүмдүк даярдалчу тамактардын катарына кирип, мындан сырткары өзгөчө учурларда басылат. Ар бир ашпозчу табитине жараша улам жаңы даамдарды кошуп отуруп, учурда палоо басуунун 100дөн ашык түрү бар.

Палоо басуу салты ар бир үй-бүлөдө сакталып кийинки муунга өткөрүп берилет. Бул салт карым-катышты бекемдеп, элдин маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат.

Өзбек палоосу байыркы даамдардын бири. Рецеби белгилүү илимпоз Ибн Синанын дооруна таандык.

Өзбекстанда палоо үчүн ырлар жазылып, макал-лакаптар айтылган. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

«Бир пулуң калса да палоо же,

Бир күнүң калса да палоо же»;

«Кедейлер күрүч жейт,

Байлар бир гана күрүч  жейт»;

«Аш көрсөң баш көтөрбө»;

«Жакшы адам аш бышканда келет».

Палоо басуу салты Өзбекстандын ар бир аймагында ар башкача. Өлкөдө жыл сайын палоо басуу фестивалы өтүп, ашпозчулар өз аймагына мүнөздүү палоолорду басышат.

Өзбек палоосуна күрүч, эт, май жана жашылчалар кошулат. Өзбек палоосу күнүмдүк даярдалчу тамактардын катарына кирип, мындан сырткары куран окуткан, жакырларга жардам берген өзгөчө учурларда басылат. Ошондой эле Рамазан жана Курман айттан бир күн мурда, тактап айтканда Арапа күнү басылып, элге таркатылат.

Anahtar Kelimeler: Өзбек палоосу, улуттук даам,

Жаңылыктар