3000

3000 жылдык «асык» (чүкө) оюну

Тамыры терең «асык» оюну Казакстанда муундан муунга өткөрүлүп келет.

01 Nisan 2021 20:44

«Асык» (чүкө)  оюну казак элинин кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп келген, коом ичинде жайылтылган салтуу оюну. «Асык» оюну
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Оюнду жаштар арасында кеңири жайылтуу максаты менен 2011-жылы «асык» оюну федерациясы түзүлгөн. Андан бери аты аталган федерация аймактык кеңселерин ачып, курстарды уюштуруп, жаштарды оюнга тартып келет.

«Асык» оюну федерациясынын директору Жоомарт Сабыржанов баса белгилегендей Казакстан эгемендүүлүгүн өз колуна алган соң улуттук оюндарды жайылтууга өзгөчө көңүл бура баштады. Алардын бири «асык» оюну. Оюнду жаштар арасында жайылтуу максаты менен атайын федерация түзүлгөн. Федерация алгылыктуу иштерди алып барууда. Алсак 7 жыл мурда асык оюнуна учурдун талабына ылайыкташтырылган жаңы ыкмалар киргизилген. Оюн спорттун бир түрү катары мектеп программасына киргизилген.  

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, «Асык» (чүкө)  оюну,

Жаңылыктар