3000

3000 жылдык Аязини айылы кооздугу менен суктандырат

Тарыхый Фригия өрөөнүнүн уландылары орун алган Афьонкарахисар облусундагы Ихсание районуна караштуу Аязини айылы жандандырылууда

18 Mayıs 2022 13:47

Аскадагы конуштар, таш мүрзөлөр, үңкүрлөр...

3000 жылдык Аязини айылы туризм борборуна айланууда.

Облустук башкаруунун демилгеси менен бир катар долбоорлор ишке ашырылып, натыйжада, айылдын көчөлөрү роза түстүү самындар, түркүн түстүү кол чатырлар жана мончоктор менен кооздолду.

​"Фригия ар бир мезгилде кооз"

Ихсание районунун акими Догукан Коюнжу белгилегендей, айылды реставрациялоо иштери 2 жылдай мурда башталган. Учурда жаңылоо иштери толук бүткөрүлүп, айыл, туристтерди кабыл алууда.

Фригия аймагы ар бир мезгилде кооз.

Андыктан жылдын ар мир мезгилинде аймакка келип, жаратылыштын койнундагы кооз айыл менен таанышып, көңүл ачууга мүмкүн.

 

Жаңылыктар