31

31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү

Пандемиядан улам майрамдык иш-чарага адамдар киргизилген жок.

31 Ağustos 2020 15:27

Бүгүн, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаганына 29 жыл толду. Бүгүн, Кыргызстандын Эгемендик майрамы белгиленүүдө. Бул күндүн урматына, Бишкек шаарында майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул ирет пандемиядан улам ордо калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилген жок. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр да пландалган эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлдү.

Бүгүнкү салтанаттка дарыгерлер, тартип сакчылар, аскерлер жана пандемия менен күрөшүүдө чоң жоопкерчилик менен кызмат кылган ыктыярчылар катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, «Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтөбүз, эң бийик сыймыгыбыз” деп баса белгиледи.  «Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз” деди мамлекет башчысы.

Бүгүнкү салтанат түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек  Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынчалыгын 31-августта жарыялаган. 

 

Жаңылыктар