23 Mart 2021 13:46
Түрк Кеңеши тараткан маалыматка караганда саммитке Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана кеңешке мүчө бардык өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин саммит 31-мартта Казакстандын Түркстан шаарында өтөөрү айтылган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы октябрда түзүлгөн. Эл аралык уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия кеңештин ишине байкоочу катары катышат.
Anahtar Kelimeler: Түрк Кеңеши, саммит, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан,