51

51 жылдын бери жанып турган газ кратери өчүрүлөт

Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Тозоктун дарбазасын" өчүрүүгө буйрук берди.

09 Ocak 2022 20:16

Түркмөнстанда 51 жылдан бери өрт өчпөй күйүп келе жаткан бир жер бар. «Тозоктун дарбазасы», «Дарваза кратери», «Каракум оту» жана «Каракум чөлүнүн жылдызы» деген атка конгон бул жер Түркмөнстандагы Каракум чөлүнүн чок ортосунда жайгашкан.

«Тозоктун дарбазасын» геологдор кокустук менен ачып алышкан.

1971-жылы бургулоо иштерин жүргүзүү учурунда  советтик геологдор жер алдындагы көңдөйдү табышкан. Топурак өтө борпоң болгондуктан, чоң диаметрдеги чуңкур калтырып урап түшкөн. Илимпоздор уулуу газдар чыгып кетпеши үчүн, ал жерди өрттөөнү  чечишкен. Геологдор өрт бир канча күндө өчөт деп ойлошкон, бирок өрт 51 жылдан бери өчпөй күйүп турат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Тозоктун дарбазасы» деген атка конгон, 51 жылдын бери жанып турган газ кратерин өчүрүүгө буйрук берди. Анын айтымында газ кратеринен бөлүнүп чыккан газ экологияга жана аймакка жакын жерде жашаган элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип келет.

 

Anahtar Kelimeler: Каракум оту,

Жаңылыктар