Ак карга бөлөнгөн байыркы Ани шаарчасы жомоктогудай көрүнүшү менен туристтерди өзүнө тартат

Түркиянын Карс облусунда жайгашкан байыркы Ани шаарчасы ак карга бөлөндү.

01 Şubat 2022 11:55

Кылымдарды карыткан Ани шаарчасы Арпачайдын эки кууш капчыгайынын ортосунда жайгашкан.

Шаарча, 884-1045-жылдары Баграттардын, 1045-1064-жылдары Византиялардын башкаруусунда болгон. Султан Алпарслан 1064-жылдын 16-августунда Ани шаарчасын каратып, Улуу Селжук мамлекетинин карамагына өткөн.

Кылымдар бою Ани шаарында христиандар менен мусулмандар жанаша жашаган.

Шаарда, ар бири өзүнчө кооздукка ээ көркөмдүү мечиттер, чиркөөлөр, тарыхый курулуштар орун алган. Шаарда ислам архитектурасынын эмгектерин да кездештирүүгө болот.

Ани шаары 15-июль 2016-жылы ЮНУСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмегине кирген.

Байыркы Ани шаары «Дүйнө шаары», «цивилизациялардын бешиги», «миң бир чиркөө» жана «40 дарбазалуу шаар» деп да аталып жүрөт.

Ани шаарына келген туристтер Анадолудагы алгачкы түрк мечити болгон «Абул Менучехр» мечитин, «Аменапргич» чиркөөсүн, «Ани» катедралын, «Дикран Хонентц» чиркөөсүн, «Абугамир Пехлавуни» чиркөөсүн көрүп, тарыхый баалуулуктар менен танышып кайтышат.

 

Anahtar Kelimeler: Ани шаары, Түркия,

Жаңылыктар