Акчаабаттагы тарыхый Орто Махалле (конуш)

Түркиянын Трабзон облусунун Акчаабат районунда жайгашкан тарыхый Орто Махалле, Осмон доорунан калган турак-жайлары, сарайлары, таштак көчөлөрү жана фонтандары менен өзгөчөлөнөт.

06 Mayıs 2022 21:34

Тарыхый Орто Махаллеге элдер байыртан эле отурукташа баштаган. Конуштун баштапкы структурасы күнү бүгүнкүдөй сакталып калган.

Конуш Осмон доорунан калган турак-жайлары, сарайлары, таштак көчөлөрү жана фонтандары менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле Рим жана Византия доорунун издерин кездештирүгө болот.  

Шаар, алыстан караган кишиге эң сонун боектор менен тартылган мыкты сүрөттү элестейт.

Аймакта альтернативдик туризм  өнүккөн. Андыктан конушка жылдын төрт мезгилинде келип, жаратылыштын койнунда эс алып, жеригиликтүү эл менен баарлашып, даамдуу тамактарын татууга болот.

Жаңылыктар