150

Ахмет Байтурсынулы 150 жашта

Ахмет Байтурсынулы-казак элинин 20-кылымынын башындагы улуттук-боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири, мамлекеттик ишмер.  Анын ысымы түрк дүйнөсүнүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган.

25 Şubat 2022 22:04

Ахмет Байтурсынулы 5-сентябрь 1872-жылы азыркы Костанай областында туулган.

Ал казак элинин 20-кылымынын башындагы улуттук-боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири, мамлекеттик ишмер, акын, публицист, казак тили жана адабият илимине негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан.

1891-жылы Торгойдогу эки жылдык орус-казак мектебин 1985-жылы Оренбургдагы төрт жылдык мектепти бүтүргөн.

1895-1909-ж. Актөбө, Костанай, Каркаралы уездериндеги орус-казак мектептеринде, Каркаралы шаардык окуу жайында эмгектенген.

1909-жылы жандармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Тройницкийдин буйругу менен Семей түрмөсүнө камалат жана атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург шаарына жер которуштурат.

1913-жылы  улуттук тунгуч «казак» гезитин чыгарып, улуттук аң-сезимди жана духту калыптандырууга өбөлгө түзгөн.

1918–191-жылдары «Алаш» партиясы менен «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Күрөшүн бир гана саясий кыймыл менен чектебей, илимий адабий чыгармалары менен көп кырдуу ишмердүүлүгүн уланткан.

Казакстан менен Россиянын чегарасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-ж. Костанай уездин Челябинск облусуна кошуу тууралуу чечимине каршы Байтурсун уулудун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын курамына калтырууга негиз болгон.

1937-жылы кайра кармалып, эл душманы катары айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган.

Казак элинин 20-кылымдын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал», «Маса»  аттуу чыгармалары жарык көргөн, ошондой эле орус классик-акындарынын чыгармаларын да которгон.

Казакстан эгемендүүлүк алгандан кийин Ахмет Байтурсынулынын ысымы университетке, мектептерге жана көчөлөргө ыйгарылган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Ахмет Байтурсынулы, Казакстан,

Жаңылыктар