Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети түрк дүйнөсүнө кызмат кыла турган студенттерди тарбиялоону максат кылууда

Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университетинин ректору Жанар Темирбекова: «Биздин негизги максатыбыз - түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана тилектештиги үчүн иштей турган, заманбап жана сынчыл ой жүгүртө алган билимдүү студенттерди тарбиялоо».

29 Mart 2021 18:02

 

Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университетине ректор болуп дайындалган Жанар Темирбекова окуу жайдын артыкчылыктуу багыттары боюнча билдирүү жасады.

«Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети Түркия менен Казакстан ортосундагы өрнөктүү окуу жай»,-деп белгиледи ал.

Жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий табериктеринин бири Ахмет Ясавинин атын алып жүргөн окуу жайдын ректору болуу ал үчүн чоң бакыт экендигин баса белгиледи.

Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети түрк дүйнөсүнүн тарыхы жана маданиятын жайылтууда маанилүү миссияны аткарып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин негизги максатыбыз түрк тилдүү жана боордош мамлекеттердин жаш муундарынан баштап, үзгүлтүксүз билим алууга умтулган коомдун бардык катмарларына билим берүү жана орток көз-караштарды иштеп чыгуу максатында өз тармагында мыкты, өзүнө болгон ишеними жогору, коомдун алдында жооптуу, жана сынчыл ой жүгүртө алган, жаратылышка сый урмат менен мамиле кылган, заманбап, эл аралык деңгээлде иштей алчу адистерди даярдоо жана түрк цивилизациясы менен дүйнөлүк илимге салым кошуу»,- деди ал.

«Университетте 20 мамлекеттен келген 11 миңден ашуун студент билим алууда»

Темирбекова баса белгилегендей Түркстан шаары  облус борбору деп жарыялангандан бери гүлдөп өнүгүүнүн үстүндө болууда.

«Түркстан кайрадан жанданууда. Инвестициялар көбөйүп жаңы ишканалар ачылууда. Келечекте мыкты кадрларга муктаждык жаралат. Бул жагдай университетке маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге чоң милдет жүктөйт. Учурда Түркстан акимчилиги менен туруктуу кызматташып, аймакты өнүктүрүүнүн үстүндө иштешип жатабыз. Долбоорлорго түрк дүйнөсүнүн илимпоздорун кошууну пландап жатабыз»,-деди ал.

Темирбекованын айтымында Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети түрк дүйнөсүнүн орток билим булагы. Учурда жогорку окуу жайда 20 мамлекеттен келген 11 миңден ашуун студент билим алууда. Жаңы окуу жылында жаңы ачылган айыл-чарба факультетине алгачкы студенттерди кабыл алуу башталат. Ошентип университет аймактагы айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошот.

Казакстандын Түркстан шаарында орун алган Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети Казакстан Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 30 жыл мурда ачылган. Андан бери жогорку окуу жайдан миңдеген студент ар кайсы тармактарда билим алды.  

 

Anahtar Kelimeler: Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети, Жанар Темирбекова, Түркстан шаары,

Жаңылыктар