Ахмет Өзенбашлы- Крымдык белгилүү саясатчы жана интеллигент

Ахмет Өзенбашлы 1893-жылы 10-февралда Крымдын Бахчесарай шаарында туулган.

24 Aralık 2021 12:13

Крымдык белгилүү саясатчы Ахмет Өзенбашлы 1915-жылы Одессадагы Медицина факультетине тапшырган. 

Интеллектуалдык дүйнөсү дал ушул окуу жайда окуп жүргөн кезинде калыптана баштаган.  

1917-жылы ноябрда Крым Татар Улуттук Конгрессине мүчө болгон. 

Курултайда Крым улуттук мажлиси негизделген. Бирок көп өтпөй мажлис тарап, 27-январда Акмесжит басып алынып, өкмөт отставкага кетүүгө мажбур болгон. 

Ахмет Өзенбашлы кайра окуу жайга кайтып келип, медициналык окуу жайдын нейрохирургия бөлүмүн бүтүргөн.

1928-жылы Крымдын интеллигенция өкүлдөрү жана саясатчылары камакка алына баштаган. Өзенбашлы да соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылып, эмгек лагерине айдалган. Алты жылдан кийин, тактап айтканда 1934-жылы бошотулган. 

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немистер Крымды басып алгандан кийин Өзенбашлы менен союздашууну сунуш кылган. Бирок ал бул сунуштан баш тартып, Румынияга жөнөп кеткен. Ал жерден аны советтик чалгынчылар кармап, Москвага алып кетишкен.1947-жылда анын соту болуп, 25 жылга эркинен ажыратылган. 1955-жылы абактан чыккан.

Көп өтпөй Тажикстандын Худжант шаарындагы туугандарына баш калкалап, ал жерде невропатолог болуп иштей баштаган.

Өзенбашлы 1958-жылы 4-декабрда көз жумган. Сөөгү Худжанттагы күмбөзгө көмүлгөн. 

Бирок ал керээзинде Бахчесарайдагы Исмаил Гаспринскийдин сөөгүнүн жанына көмүлүүнү айткан.  1993-жылы 8-августта анын керээзи аткарылып, сөөгү Бахчесарайга көмүлгөн.

Anahtar Kelimeler: Ахмет Өзенбашлы,

Жаңылыктар