Ахыска түрктөрү жаз мезгилин сүмөлөк менен тосуп алып, сүмөлөк менен узатат

Түркиянын Эрзинжан облусунда жашаган Ахыскалык түрктөр сүмөлөк кайнатуу салтын азыр да улантып келишет.

13 Mayıs 2021 23:11

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Украинадан көчүрүлүп келип, Үзүмлү районуна жайгаштырылган Ахыска түрктөрү жаздын келишин өзгөчө шаң менен белгилөөдө. Жаратылыш жанданып, күн илеби жылый баштагандан тарта чоң казанга сүмөлөк кайнатып, жаңырган жылдын берекелүү, мол түшүмдүү болушун тилек кылып келишет.

Адатта башка элдерде сүмөлөк бир гана Нооруз майрамында кайнатылса, Ахыска түрктөрү касиеттүү тамакты май айынын аягына чейин кайнатып, жаз мезгилин сүмөлөк менен тосуп алып, сүмөлөк менен узатышат. Кайнатылган сүмөлөк, коңшуларга, туугандарга жана калоочуларга таркатылат.

Сүмөлөк – ынтымакты бекемдейт

Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да бир күн сууга чыланат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып, суу куюлат.

Сүмөлөк 12 саат бою кайнатылат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат.

Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты - аны элге ооз тийгизип алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

Сүмөлөк даамы– жылды тосуудагы салттуу тамак.

Anahtar Kelimeler: сүмөлөк, Ахыска түрктөрү,

Жаңылыктар