c

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Нур-Cултанда өткөн «Лидерлик-Турукутуулук-Өнүгүү» жыйынына катышты

АК партиянын төрага орун басары жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым: Биздин максат тынчтык жана ырааттуулукка салым кошкон тынч жана гүлдөп өнүккөн түрк дүйнөсүн түзүү.

10 Aralık 2021 18:06

Биналы Йылдырым Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата өткөн «Лидерлик-туруктуулук-Өнүгүү» аталыштагы эл аралык жыйынга катышты.

Жыйындагы кайрылуусунда Казакстан мамлекетин жана элин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Боордош Казакстан туңгуч Президент Нурсултан Назарбаевдин акылман жетекчилигинин аркасында аймактык жана эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу саясий жана экономикалык күчкө айланганын баса белгиледи. Өз кезегинде Казакстанды жаркын келечек күтүп турганын айтып, Түркия ар дайым Казакстанга колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Ал Түркиянын мурдагы премьер-министри жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы катары Казакстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир канча ирээт жолугушканын, бирок, Түрк мамлекеттеринин уюмунун аксакалдар кеңешинин төрагасы катары чет өлкөгө алгачкы сапарын Казакстанга жасаганын айтты.

Ал, Эл аралык аренада чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп төмнөкүлөргө токтолду.

«Азиянын өнүгүшү биз жашап жаткан кылымдын аныктоочу белгилеринин бири болуп саналат. Жакынкы аралыктар дүйнөлүк экономикалык өсүштүн үчтөн эки бөлүгү Азияга туура келет. 2030-жылга чейин дүйнөлүк өндүрүштүн жарымынан көбү Азияга таандык болот. Түркия 2019-жылдан тарта «кайрадан Азия» демилгесин көтөрүп, Азия саясатында жаңы стратегиялык көз карашты иштеп чыккан. Түркия Азиядагы мамлекеттер менен болгон кызматташтыгын орток кызыкчылыктардын негизинде кеңейтүүнү каалайт».

Йылдырым ошол эле учурда түрк дүйнөсүнүн эл аралык саясаттагы аброю барган сайын жогорулап бара жатканын баса белгилеп, Түрк мамлекеттеринин уюмунун ишмердүүлүгүн манилүү деп баалады.

«Биздин максат тынчтык жана ырааттуулукка салым кошкон тынч жана гүлдөп өнүккөн түрк дүйнөсүн түзүү»,-деди ал.

Жыйында Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин, Конституциялык кеңештин төрагасы Кайрат Мами, вице-премьер-министр Ерали Тугжанов, президенттик администрациянын төрагасынын орун басары Даурен Абаев, Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жуков жана ЕККУнун мурдагы баш катчысы Ян Кубиш да сөз сүйлөдү.

 

Anahtar Kelimeler: түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар