АКШдагы түрк коомдук жарандык уюмдары Хожалы кыргынын айыпташты

АКШда иш алып барган түрк бейөкмөт уюмдары Хожалы кыргынынын 29 жылдыгына карата билдирүүлөрдү жарыялашты.

26 Şubat 2021 10:18

Түрк-Америка башкаруу комитети (TASC) Армениялык күчтөрдүн Хожалы шаарында 613 бейкүнөө адамды мыкаачылык менен өлтүргөнүн айыптады.

"Оор согуш кылмышы үчүн акыйкаттыкты талап кылышыбыз керек."

Билдирүүдө "Биз эл аралык коомчулукка армян күчтөрү ишке ашырган мыкаачылыктар жөнүндө маалымат берип, бул оор согуш кылмышы үчүн акыйкаттыкты талап кылышыбыз керек",- деп айтылат.

1992-жылдагы Хожалыдагы кыргынды, Түрк-Америка коомчулуктары башкармалыгы да кескин айыптады.  Башкармалык, АКШны жана эл аралык коомчулукту Армениялык жооптуу лидерлерди бул кылмыш үчүн жоопко тартууга чакырды.

Хожалы кыргыны

1992-жылы 26-февралга караган түнү, Совет армиясынын 366- мотоаткычтар полку Азербайжандын Хожалы шаарына басып кирип, кары-жашы, аялы-эркеги дебей, жайкын тургундарды кыргынга учураткан. Бул түнү 613 бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Алардын 83ү жаш балдар, 106сы аял, 70и карылар болгон. Кыргында 487 киши оор жаракат алган. Оор жаракат алгандардын 76сы жаш балдар болгон. 1275 киши туткунга түшкөн. Дайынсыз жогологон 150 кишинин тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

Anahtar Kelimeler: Хожалы, кыргын, согуш кылмышы, ,

Жаңылыктар