АКШнын мамлекеттик катчысы жана Борбор Азиянын Тышкы иштер министрлери Украина көйгөйүн талкуулады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен “С5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөрдү.

28 Şubat 2022 21:02

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен “С5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин катышты.

 “С5+1” форматындагы онлайн жолугушууда эл аралык жана аймактык маселелерден тышкары Украинадагы кырдаал жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө тийгизген таасири талкууланды.

Anahtar Kelimeler: “С5+1”,

Жаңылыктар