Ал Бируни– орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул

Өзү жашап өткөн доорго атын берген аалым

20 Mayıs 2022 14:34

Орто азияда жашап, маданият, искусство жана илим тармагына олуттуу салым кошкон Абу Рейхан Мухаммед бин Ахмед аль-Бируни 973-жылы Өзбекстандын Хорезм облусунда туулган.

17 жаштан тарта илимий чыгармаларын жарата баштаган.

Геодезия, Минералогия, Хронология, Индия, Масуд Канону жана башка Хронология деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген.

Беруни грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди, жана башка тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птоломей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.

Берину поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.

Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен.

Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.

Жаңылыктар