Ала-Тоо аянты - Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынын символу

Ала-Тоо аянты шаар элинин эң сүйүктүү жайларынын бири

30 Haziran 2022 14:33

«Ала-Тоо» аянты - Бишкек шаарынын башкы салтанат аянты.

А. Орозбеков - А. С. Пушкин - И. Раззаков - Киев көчөлөрү менен чектешет.

Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрдүн бири Чүй проспекти өтөт.

Аянттын курулушу 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгынын урматына бүткөрүлгөн.

Аянттын чок ортосундагы Айкөл Манасытн айкели орнотулган.

Ири фонтандар аянтка өзгөчө кооздук тартуулайт.

Аянтта тарых музейи, парк, эл достугу монументи, ачык асман алдындагы сүрөт музейи жана башка көптөгөн маданий жана эс алуу жайлары бар.

Парламенттин имараты да аянтка жакын жайгашкан.

Аянттын ортосундагы флагштоктун бийиктиги 45 метрди түзөт. Аны аскерлер кайтарып турат.

Шаардагы жогорку деңгээлдеги майрамдардык иш-чаралардын бардыгы дал ушул аянтта өтөт.

Күнүмдүк жашоодо да өзгөчө орду бар аянтта жылдын дээрлик ар бир мезгилинде ар түрдүү фестивалдар, иш-чаралар өткөрүлүп, жергиликтүү базарлар уюштурулуп турат.

Жаңылыктар