“Ала-Тоо айымдары” кыймылы Түркиянын президенти Эрдоганды "жылдын адамы" деп тапты

450 миң мүчөсү бар “Ала-Тоо айымдары” кыймылы Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоганды “жылдын адамы” деп тандады.

11 Mart 2022 12:25

“Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылы “2021-жылдын адамы” наамын Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыйгарды. Бул тууралуу аталган уюмдун төрайымы Жыпаргүл Бергибаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон адамдардан турган атайын комиссия Түркиянын лидерин бул сыйлыкка татыктуу деп тапты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Курманжан Датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова, Эрдоган эң оор мезгилде Кыргызстанга колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түркиянын лидери бул сыйлыкка дүйнөдөгү тынчтыкты орнотууга кошкон салымы жана дүйнө коомчулугуна кайдыгер эмес мамилеси үчүн татыктуу болгонун белгиледи.

“Биз дүйнөгө тынчтык орнойт деп күтүп жаткан учурда Орусия менен Украинанын ортосунда тирешүү башталды. Эрдоган мырза буга  да кайдыгер караган жок. Ал Орусия менен Украинага тынчтыкты сунуш кылып, эки тарап ортосундагы алгачкы саясий сүйлөшүү Түркиянын демилгеси менен өттү. Эрдоган мырзанын бул аракети, анын, дүйнөдө тынчтык болушун кааларын билдирет. Урматтуу Эрдоган мырза "жылдын адамы" наамына татыктуу экенин сыймыктануу менен билдирем. Анткени ал дүйнөдө адамзатка кыйынчылык алып келген терс көрүнүштөрдүн бардыгына кайдыгер карабайт",-деди ал.

Ал ошол эле учурда Орусия менен Украина ортосундагы тирешти жөнгө салып, тынчтыкты алып келе турган лидер Эрдоган болооруна ишенерин айтты.

"Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы 2010-жылы негизделип, "Аялзат дүйнөнү сактайт!" деген чакырыктын алдында Кыргызстанда саясий туруктуулукка үндөө менен бирге, элдердин ортосунда ынтымакты орнотууда албан-албан иштерди жүргүзүп келет.

 

 

Anahtar Kelimeler: Режеп Таййип Эрдоган, “жылдын адамы”, “Ала-Тоо айымдары” кыймылы,

Жаңылыктар