Ала-Тоонун койнундагы минералдык жана арашан суулар ден-соолук тартуулайт

Кыргыз жергесиндеги минералдык жана арашан суулар эзелтеден эле дарылык үчүн кеңири пайдаланылып келген. 

04 Şubat 2022 19:02

Дарылык касиети бар минералдык жана арашан суулар эзелтеден эле кыргыз элине белгилүү болуп, ар кандай ооруларды дарылоо максатында пайдаланылып келген. Кыргызстанда мындай суулар өтө көп кездешет. Алардын бири Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан. Ысык-Ата капчыгайынын койнундагы курорт Бишкек шаарынан 78 км түштүк-чыгыш тарапта орун алган.

Курорт терең капчыгай ичинде жайгашкандыктан аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болбойт. Курорттун табияты кооз; суу жээгинде чычырканак, бөрү карагат, итмурун ж. б. бадалдар, аска-зоокалуу тоо капталдарында субальп шалбаасы, жыш өскөн кызыл-тазыл гүлдөр, арча токою бар.

Курорттун негизги табигый фактору – минералдуу ысык суулары. Ошондой эле Чүй өрөөнүндөгү Камышановка баткак кенинен жана Ысык-Көлдөн ташылып келинген дары баткак пайдаланылат. Бальнеолдук-терапия жана баткак менен дарылоодон сырткары физиотерапия, дарылоочу физкультура, укалоо ж. б. жүргүзүлөт.

Чүй өрөөнүнө, курорттун айланасындагы арчалуу токойго, шаркыратмага экскурсия уюштурулуп турат. Курорт 800 орундуу.

Кыргызстандагы курорттордо сырткы бассейндер да орун алган. Басейнге киргендер, ден-соолугун чыңдоо менен бирге Ала-Тоонун кооздугуна күбө болуп кайтышат.

Суунун температурасы 38-50 °С. Курортто нерв системасы, кыймыл-таяныч органдары, гинекологиялык жана урологиялык оорулар менен жабыркагандар дарыланат.

Cууларынын курамында темир, бикарбонат, магний, натрий, сульфат, көмүр кычкыл газы, хлорид жана бром бар.

Гидрогеологдор минералдык жана кайнар булак суулар чыккан жерлерди суулардын түрлөрү жана сапаты боюнча ажыратып, алардын пайда болуу дооруна ылайык ар кандай геологиялык жана экономикалык райондорго бөлүшөт. Негизинен жер астынан булак болуп чыккан минералдык жана арашан суулар төмөнкүлөр: Ысык-Ата, Алтын-Арашан, Өрүктү, Таш-Суу, Чоң-Кызыл ж.б.

Anahtar Kelimeler: Ала-Тоонун койнундагы минералдардык суу, арашан суу, ден-соолук, арашан суу, минералдык суу, ден-соолук, Кыргызстан,

Жаңылыктар