«Алем» маданият жана оюн-зоок борбору

Ашхабад шаарындагы «Алем» маданият жана оюн-зоок борбору уникалдуу архитектурасы менен суктандырат.

05 Kasım 2021 22:17

«Алем» маданият жана оюн-зоок борбору – Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында жайгашкан маданий-көңүл ачуучу борбор.

Борбор 2012-жылдын 18-майында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусу менен ачылган.

Борбордун сырткы бөлүгү Огуз хандын алтын жылдызы, беш килем мотиви жана түркмөн зергерчилигинин эң баалуу буюмдарынын бири болгон «гүляка» менен кооздолгон.

Бийиктиги 95 метр.

Имарат 6 кабаттуу. 2 кабаты жер алдында, 4 кабаты жер үстүндө жайгашкан. Ар биринин бийиктиги 7 метр.

Имараттын үстүндө диаметри 57 метр келген айлампа орнотулган. Айнек жана ак болоттон салынган айлампа «ааламды» түшүндүрөт. Анын бийиктиги 47,6 метр.

 

 

Anahtar Kelimeler: «Алем» маданият жана оюн-зоок борбору, Түркмөнстан,

Жаңылыктар