Али Кушчу- белгилүү түрк астроному, математик жана тилчи

Тимуриддер империясы жана Осмон дөөлөтүндө жашап өткөн Али Кушчу кылымдар өтсө да унутулбайт.

12 Mart 2022 14:46

Али Кушчу 1403-жылы Самаркандда туулган.

Алгачкы билимин Самаркандда алган. Кийин Кадызаде Румиден жана Улукбектен математика жана астрономия боюнча сабак алган. Көп өтпөй Кирманга барып, аалымдардан сабак алган. 

Бул жерде Шарх-и Тажрид эмгегин жазып, аны Абу Саид Ханга тартуулаган.

Халлул Ешкал-и Камер чыгармасында айдын формаларын түшүндүргөн. Кийинчерээк кайрадан Улукбектин жанына кайтып келип, аталган чыгармасын ага тартуулаган. Улукбек чыгарманы жогору баалаган. 

Самарканддагы обсерваториянын мүдүрү Кадызаде-и Руми каза болгондон кийин  обсерваторияга жетекчи болуп дайындалган жана «Улукбек Зижи»  эмгегин бүткөрүүгө жардам берген.

 Улукбек көз жумагандан кийин ажыга барам деген шылтоо менен Самарканддан кетип, Тебризге барган. Бул жерде Аккоюнлулардын өкүмдары Узун Хасандын урмат-сыйына татыган. 

Фатих Султан Мехмет менен Узун Хасандын ортосундагы келишпестикти жоюу үчүн элчи катары Стамбулга жөнөтүлгөн. Осмон дөөлөтүнүн султаны Фатих Султан Мехмет анын билимине жогору баа берип, Стамбулда калуусун өтүнгөн. Али Кушчу элчилик милдетин тапшыруу үчүн Тебризге барып, кызматтан кетерин билдирген соң, кайра Стамбулга кайтып келген. Фатих Султан Мехмет аны өзгөчө сый урмат менен тосуп алган.

1473-жылы Фатих Султан Мехмет менен кошо жоортуулга аттанган. Кайра кайтып келишкенде, падыша аны Айя-София медресесинин мугалими кылып дайындаган. Стамбулда астраномия жана математика тармактарында ишмердүүлүгүн уланткан. 

1474-жылдын 6-декабрында Стамбулда көз жумган. 

 

Anahtar Kelimeler: Али Кушчу, астроном, математик, тилчи,

Жаңылыктар