Али Семерканди күмбөзү-Анкара шаарындагы тарыхый эстелик

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер Түрк-Ислам дүйнөсүндөгү белгилүү ысым Шейх Али Семеркандинин күмбөзүн көргөнү байма-бай келип турушат.

30 Nisan 2021 16:07

Хажы Байрам-ы Вели жана Шейх Али Семеркандинин күмбөзү Анкара шаарындагы диний архитектуралык эстеликтердин катарын толуктайт.

Шейх Али Семеркандинин күмбөзү шаардын борборунан 100 чакырым алыс ​​жайгашкан. Жергиликтүү жана чет элдик туристтер дүйнөнүн төрт бурчунан ат арытып жол карытып келип, зыярат кылып турушат. Бул көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. 

Комплекстин ичинде XV кылымдагы жашоо турмуштун негизинде жасалгаланган үй жана музей жайгашкан.

Бул жакка келген туристтер дуба кылып, музейди кыдырып бүткөн соң жергиликтүү азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөрдөн соода кылып, даамдуу тамактар менен тамактанып кетишет.

Anahtar Kelimeler: Шейх Али Семеркандинин күмбөзү, Анкара,

Жаңылыктар