Алматыдагы Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры

Евразиядагы алдыңкы театрлардын катарын толуктаган Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры сахна искусствосунун чеберлери менен бирге жаш таланттарды тарбиялоодо.

22 Nisan 2022 20:53

Театр 29-сентябрь 1933-жылы Алматыда музыкалык студия катары негизделген. Алгач элүү актер, жыйырма симфониялык музыкант жана он эки казак улуттук оркестринин музыканттары эмгектенген.

13-январь 1934-жылы Мухтар Авезовдун «Айман-Шолпан» пьесасы музыкалык комедия катары коюлган. Атлаган спектаклдин коюлушу казак опера жана балет театрынын жаралышы деп эсептелет.

7-ноябрь 1941-жылы театрдын жаңы имараты ачылып, ошол эле жылы театр "Академия" статусун алган.

1945-жылы театрга, казак интеллигенти, акын, гуманист, философ, композитор жана сөз чебери Абай Кунанбайоглунун ысымы ыйгарылган.

1995-2000-жылдары театрда жалпы оңдоо иштери жүргүзүлгөн.  Бирок негизги архитектуралык стили сакталып турат.

Жаңылоо иштеринин алкагында казакстандын улуттук архитектурасынын салттуу элементтери италиялык классика менен айкалыштырган. Фойе жана аудиторияга «Алтын адамдын» костюмунун орнаментине окшош декоративдик элементтер кошулган.

Бүгүнкү күндө театрдын репертуарында «Абай», «Аида», «Абылай Хан», «Айсулуу, Биржан жана Сара», «Эңлик Кебек» сыяктуу опералар, «Анна Каренина», «Бахчесарай фонтаны», «Ромео жана Джульетта», «Сүйүү легендасы» сыяктуу балет спектаклдери көрүүчүлөргө сунушталып келет.

Anahtar Kelimeler: Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры,

Жаңылыктар