Алматынын символу: Апорт алмасы

Апорт алмасы - Алматынын эң маанилүү даамдарынын бири.

20 Mayıs 2022 14:35

 

Алматы шаарынын ысымы чоң кызыл алма менен байланышкан. Алма-ата «алмалардын атасы» деген маанини туюнтат.

Апорт - алманын кеч бышуучу эң байыркы сорту.

Мөмөсү өтө чоң, салмагы 200-400 г, кээ бири 500 г, даамы кычкыл таттуу.

Ал кышка чыдамдуу, ар бир дарактан 200-400 кг түшүм алынат.

Мөмөсүнөн как жана повидло жасалат.

Россия, Казакстан, Украинада өстүрүлөт.

Кыргызстанда Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүндө Александр, Кызыл апорт кеңири таралган.

Апорт алмасынын тарыхы

Апорт алмасын 1865-жылы Алматыга Воронежден келген иммигрант Игорь Редько алып келген.

Воронеждин территориясында тамыр жайбаган алманын аталган сорту Алматыда бат эле өсүп жетилип, бийиктиги 900—1200 метрге жеткен.

Кезинде Алма-Атанын чоң кызыл алмалары Советтер Союзунун баалуу тамак-аштарынын бири болуп, Кремлдеги кечки сый дасторкондого коюлган.

Апорт алмасы көбүнчө сентябрдын орто ченинде бышат да мөмөлөрү январдын ортосуна же февралдын башына чейин сакталат.

Жаңылыктар