«Алпамыш»- баатырдык эпос

Алпамыш эпосунда коңурат уруусунун тарыхы чагылдырылат.

25 Aralık 2021 09:43

«Алпамыш» эпосу 9-10-кылымдарда калыптаган. Эпосту жаздыруу иштери 1922-жылдан тарта башталган.

Азыркыга чейин эпостун кыркка жакын варианты жаздырылган. Фазыл Йолдашоглунан жаздырып алынган вариант кеңири тараган.

Негизинен өзбек элинде кеңири таралып айтылып келет. Ал өзбектерде - «Алпамыш», казак жана кара калпактарда - «Алпамыс», алтайлыктарда - «Алып-Манаш», башкырларда - «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда «Алпамша» деп аталат.

Эпос жакшылык, адилеттик өңдүү идеяларды даңазалайт. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтылат.

Алпамыш дастаны түрк элдеринин ичинен Коркут Ата дастанындагы Бамсы Бейрек окуясы менен дагы окшоштуктары бар. 

Эпостун дээрлик бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жергиликтүү колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери менен айырмаланат.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Өзбекстанда Алпамыш эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген.

Anahtar Kelimeler: «Алпамыш» эпосу,

Жаңылыктар