Амир Темир- Орто азиялык белгилүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы

Улуу аскер башчысы Амир Темир “чыныгы күч – адилеттик” деген ишеним менен жашаган

29 Ocak 2022 12:56

Амир Темир, Тимур, Темир Көрөгөн 1336-жылы Кеш (азыркы Шахрисябз) шаарында туулган.

Орто азиялык белгилүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы, эмир.

Теги барлас уругунан.

1369–1389-ж. Мавераннахрдан Моголстанга (Теңир-Тоого) жортуул жасаган. Ооганстандын бир бөлүгүн басып алган. 1391 жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган.

1370–1405-жылдары өзү негиздеген мамлекеттин эмири.

1393-ж. Багдадды жана Экидарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398–99-ж. Индиянын түндүк бөлүгүн, 1401-ж. Сириянын да бир кыйла бөлүгүн ээлеген.

Байтактысы Самаркан шаарында болгон.

Ал 17 ирээт жоортуулга чыгып, баарында жеңген.  Тарыхчылар Тимурду аскердик гений катары баалашат.

Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралда Отрар шаарында каза болгон.

Сөөгү Самарканддары Гур-Эмир көмбөзүнө коюлган.

Амир Темир өмүр бою укук жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Анын  “чыныгы күч – адилеттик” деген сөзү азыр да актуалдуулугун жоготпойт.

Тимурдун доорунда көптөгөн шаарларда мечиттер, медреселер жана күмбөздөр курулган. Алардын айрымдары: Биби Ханым мечити, Көк Сарай, Ахмед Ясави күмбөзү.

 

Anahtar Kelimeler: Амир Темир,

Жаңылыктар