iv-2

Анкара шаарында Эл аралык IV Ысык-Көл форумунун 2-баскычы өтүүдө.

Эл аралык IV Ысык-Көл форумунун 2-баскычы Анкара шаарындагы Хажы Байрам Вели, Йылдырым Беязыт жана Анкара Коомдук Билимдер университеттеринде өтүүдө.

08 Haziran 2021 18:07

Айтматовдун жаркын элесине арналган иш чараны Чыңгыз Айтматов атындагы “Ысык-Көл форуму”  жана «Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасы» биргелеше уюштуруп, аны өткөрүүгө Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги жана Юнус Эмре Институту колдоо көрсөтүүдө.

 IV Ысык- Көл форумунун 1-баскычы 11-декабрь 2020-жылы Бишкек шаарында өтүп, ага Ч. Айтматовдун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана Түркиядан келген коноктор катышкан.

Форумдун 2-баскычы Анкара шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн белгилүү академиктер, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылган.

Форумдун бүгүнкү отурумдары Хажы Байрам Вели, Йылдырым Беязыт жана Анкара Коомдук Билимдер университеттеринде өтүп, анда бакалавр, магистр жана аспирантурада билим алып жаткан жаштар баяндама жасашты.

Форумдун жүрүшүндө эл аралык терроризм коркунучу, эл аралык коопсуздук жана маңкуртчулук, эл аралык саясаттагы адеп-ахлак жана татыктуулук боюнча баяндамалар жасалды.

Эл аралык IV Ысык-Көл форумунун жабылуу аземи эртең, 9-июнда, Анкара шаарындагы Президенттик резиденциянын алдындагы маданият борборунда өтөт.

Ысык-Көл форумунун тарыхы

Ысык-Көл форуму Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-ж. октябрда уюшулган. Форумда жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолор ортого салынган. Ысык-Көл форумунун президенттигине Ч. Айтматов шайланган.

Форумдун мүчөлөрү Англиядан театр жана кино актёру, режиссёр, драмачы, продюсер, сценарист, колумнист, радиотеле алып баруучу Питер Устинов, АКШдан окумуштуу футуролог, философ, социолог, индустриялдык коомдон кийинки жагдайлар боюнча концепциянын авторлорунун бири Олвин Тоффлер жана анын көптөгөн эмгектеринин шериктеши, зайыбы Хейди Тоффлер; жазуучу, драмачы, коомдук ишмер Артур Ашер Миллер, белгилүү сүрөтчү-фотограф Инга Миллер, романчы, публицист, драмачы, адам укуктарын коргоочу Джеймс Артур Болдуин жана анын бир тууганы актёр Дэвид Болдуин, Эфиопиядан айкелчи, живописчи, график, дизайнер, СССРдин көркөм сүрөт академиясынын академиги Афэулок Тэкле, Франциядан Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу-романчы Клод Симон, Италиядан Рим клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ошол кездеги төрагасы, Александр Кинг, Кубадан журналист жана жазуучу, дипломат, Латын Америка адабиятындагы документалдуу көркөм жанрды баштоочулардын бири Лисандро Отеро, Италиядан физик Аугусто Форти, Түркиядан музыкант, аткаруучу, композитор, жазуучу, кинорежиссёр, саясий ишмер Зүлфү Ливанели,  прозаик Яшар Кемаль, Испаниядан окумуштуу, саясатчы, мамлекеттик ишмер, жазуучу, акын, кийин ЮНЕСКОнун башкы катчысы болгон Федерико Майор, Индиядан улуттук бий жана музыка теориясы боюнча теоретик В.К.Нараяна Менон болгон.

 

Anahtar Kelimeler: “Ысык-Көл форуму”, Чыңгыз Айтматов,

Жаңылыктар