Анкара шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев: эки тараптуу достук жанан боордоштук мамиле активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланаарына ишенем.

10 Kasım 2020 23:25

Анкара шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катышты талкуулашканын билдиришти.

Эки министр басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Руслан Казакбаев, Түркияга Мевлут Чавушоглунун чакыруусу менен келгенин айтып, жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.  Өз кезегинде, бүгүн 10-ноябрь Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү күнү экенин эске салып, аны сый-урмат менен эскерээрин айтты.  

Руслан Казакбаев жолугушуу иштиктүү өткөнүн баса белгиледи. Эки өлкөнүн саясий кызматташуусунда эч кандай маселе жок экенин айтты. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн жалпы суммасын бир миллиард долларга чыгаруу үчүн аракет жумшалып жатканын билдирди. Эл аралык аренада Кыргызстан жана Түркия ар дайым бирдиктүү саясат жүргүзүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп келгенин баса белгиледи.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достукту, өз ара сый-урматты жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө еөңүл бурулду.  

Кыргызстандагы окуялар

Руслан Казакбаев 5-6-октябрдан кийинки Кыргызстандагы саясий окуялардан соң өлкөдө туруктуулук орногонун баса белгиледи:

«4-октябрдан кийинки убакта Кыргызстанда туруктуу саясий абал орногонун, саясий жагдайлар укуктук алкакка кайтып келгенин баса белгилегим келет. Мамлекеттик мекемелер кадимки нугунда иштеп жатат. Жаңы өкмөт өлкөдөгү туруктуулукту сактоо менен бирге алдыда өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоону адилет өткөрүү жоопкерчилигин өзүнө алды. Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды толугу менен так аткарат», — деп баса белгиледи.

Казакбаев ошол эле учурда, эки мамлекет ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу , өлкөдө иштеп жаткан түркиялык компаниялардын, ишканалардын, ишкерлердин жана жарандардын коопсуздугун коргоо боюнча милдеттер так аткарылып жатканын маалымдады.

Өз ара кызматташтык мындан ары өнүгөөрүнө ишенем

Министр Казакбаев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынин саясий кызматташуусунда эч кандай маселе жок экенин баса белгиледи. Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу достук жанан боордоштук мамилеси активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланаарына ишеним билдирди.

Ошондой эле Түрк Кеңешинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, аталган кеңеш түрк дүйнөсүнүн башын бириктирген манилүү орган экенин баса белгиледи. Аталган кеңеш бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу иштерди алып барганын айтты. Муну менен катар Түрк Кеңеши  түрк тилдүү мамлекттер ортосундагы экономикалык байланыштарды өркүндөтүшү керектигин кошумчалады. Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер ортосунда, борбору Бишкек шаарында боло турган инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул маселе боюнча Түркиялык министр Чавушоглу менен сүйлөшү болгонун кошумчалады.

Сөзүнүн акырында биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркиялык министр Чавушоглун Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар