Анкара шаарында Жапаров менен Эрдогандын расмий жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий азем менен тосуп алды.

09 Haziran 2021 16:00

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду. 

Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин Сарайына келди. Кыргызстандын Президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» (салам аскер) деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.

Аземге Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Казына жана каржы иштери министри Лүтфи Элван, Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Соода министри Мехмет Муш, Президенттик аппараттын Комуникация башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун жана Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын катышты.

Ал эми Кыргызстан тараптан министрлер, аскердик жетекчилер катышты.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин эки лидердин жабык эшик артындагы сүйлөшүүсү башталды.

Бүгүн Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Андан соң мамлекет башчыларынын биргелешкен маалымат жыйыны өтөт.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, Эрдоган, Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар