Анкара шаарындагы Анадолу цивилизацияларынын музейи

«Анадолу чөлкөмү кылымдар бою ар кандай маданиятка ээлик кылган аймак.

16 Ocak 2022 12:58

Анадолу чөлкөмүнүн тарыхы, тамыры терең. Бул чөлкөм бир катар цивилизацияларга ээлик кылып, нечендеген эл байырлаган. Анкара шаарындагы Анадолу цивилизациялар музейи дал ошол тарыхты баяндаган табылгаларга бай.

Музей 1921-жылы негизделген. Мустафа Кемал Ататүрктүн идеясы менен өлкөнүн бардык булуң-бурчунан хеттик дооро танддык экспонаттар чогултула баштаган. Ошол учурда маданият директору  болуп иштеген Галип Бей,  Анкара сепилиндеги Аккале Бастиону, "август" храмы жана Рим мончосун музейге айландырып, музей калыптана баштаган.

Европада "жылдын мыкты музейи" наамын алган

 1943-жылы ремонту аяктап, музейдин борбордук бөлүгү ачылган. Анадолу цивилизациялары музейи 1997-жылы 68 музейдин арасынан Европада "жылдын мыкты музейи" болуп тандалган. Өзгөчө коллекциялары менен дүйнөдөгү саналуу музейлердин арасында. 

Анадолунун тарыхы баяндалат

Музейдеги экспонаттар хронологиялык жактан бөлүнгөн бөлүмдөрдө коюлган.

Жогорку залда Палеолит доору, Халколит доору, Эски Коло доору, Ассирия соода колонияларынын доору, Эски Хетт жана Хет Императордук доору, Фригия падышалыгы, Кийинки Хетт падышалыгы, Урарту падышалыгы, ал эми төмөнкү залда "кылымдар бою Анкара" жана "Классикалык кылымдар"бөлүмдөрү жайгашкан.

Хеттердин диний ырым-жырымдары жөнүндө маалымат берүүчү кумура

Музейдеги эң маанилүү экспонат – хет дооруна таандык Инандик вазасы. Биздин заманга чейинки 17-кылымга таандык деп эсептелген жана хеттиктердин диний ырым-жырымдары тууралуу абдан маанилүү маалыматтарды берген бул маданий байлык 1966-жылы Чанкыры Инандыктан табылган.

Анкаранын символу: Күн диски

Хетт дооруна таандык  Күн диски колодон жасалган жана болжол менен 4250 жыл мурда диний жөрөлгөдө колдонулган.

«Тумшук ооздуу алтын кумура»

Музейдеги дагы бир манилүү экспонат бул «тумшук ооздуу алтын кумура». Хетт дооруна таандык тарыхый баалуулук Британияга уурдалып кеткен. Түркия Республикасынын демилгеси менен музейге кайтарылган.

Анадолудагы тарыхый шаар Арслантепеден табылган табылгалар

2021-жылдын 26-июлунда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Арслантепе аймагында археологиялык казуу иштери улантылууда.

Буга чейинки казууларда Хет дооруна таандык айкелдер  (арстан жана оодарылган падышанын айкели) табылган. Ошондой эле дренаждык түтүк, кирпич сарай жана 2000ден ашык мөөр табылып, мамлекеттин жана бюрократиянын пайдубалы түптөлгөн структуралар ачылган.

Алгачкы казууларда табылган арстан айкелдери жана "Муталла" деп аталган падышанын айкели учурда музейде сакталууда. 

Anahtar Kelimeler: Анадолу,

Жаңылыктар