Анкара шаарындагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кеңсесинде «Кел, мени көр» көргөзмөсү ачылды

Көргөзмөгө Юнус Эмренин философиясын чагылдырган сүрөттөр жана ошол мезгилдеги кийимдер коюлган.

14 Haziran 2021 23:51

 

2021-жыл Түркияда «Юнус Эмре жана Түрк тилинин жылы» деп жарыяланган. Анын урматына ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунунун башкы катчылыгында   «Кел, мени көр» көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Улуттук билим берүү министрлиги, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Юнус Эмре институту, Ататүрк атындагы жогорку маданият, тил жана тарых институту уюштуруп, анда Юнус Эмренин философиясын чагылдырган сүрөттөр жана ошол мезгилдеги кийимдер көргөзмөгө коюлган.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, Улуттук билим берүү министрлигинин өкүлү Жем Генчоглу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов жана ардактуу коноктор катышты.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам «Юнус Эмре жана Түрк тилинин жылы» алкагында Түркиянын 81 облусунда жана дүйнө жүзүндөгү 81 өлкөдө 1800дөн ашык маданий иш-чара уюштурулаарын маалымдады. Андан сырткары кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөөрүн белгиледи. Ошондой эле Белгияда «Сопу» жумалыгы өтөөрүн, анын алкагында «Юнус Эмре ораториясы» сахнага коюлаарын маалымдады.

Улуттук билим берүү министрлигинин өкүлү Жем Генчоглу түрк элинен чыккан чыгаан инсандар адамзат тарыхына татыктуу из калтырганын, алардын бири Юнус Эмре экендигин баса белгиледи.

Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунунун баш катчысы Дүйсен Касеинов Юнус Эмре  бүткүл түрк дүйнөсүнө жана Анадолу жергесине улуу мурас жана өчпөс из калтырып кеткендигин белгиледи.

Anahtar Kelimeler: Юнус Эмре, «Кел, мени көр» көргөзмөсү,

Жаңылыктар