Анкара шаарындагы тарыхый Арстанхане мечити ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирүүгө талапкер

Түркиянын борбору Анкара шаарындагы 8 кылымдык Арстанхане мечити Орто Азиядагы түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири.

22 Mayıs 2021 11:34

 

Арстанхане мечити Анкара шаарындагы тарыхый мечиттердин бири. Ал XIII кылымда Анкара чебинин ичинде салынган. Тарыхый мечит ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирүүгө талапкер болду.

Мечиттин баштапкы аты Ахи Шерафеттин

Ахи Шерафеттин 1290-жылы мечитти жыгач усталарга оңдотуп, аймагын кеңейткен. Мечиттин баштапкы аты Ахи Шерафеттин болгон. Бирок имараттын чыгыш тарабына арстандардын элеси түшүрүлгөндүктөн жергиликтүү эл аны «арстанхане мечити» деп атап калган.

Мечиттин структурасы

Тарыхчы Абдүлкадир Эрдоган белгилегендей, Арстанхане мечити - Орто Азиядагы түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири. Төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлгөн. Мунарасы да сегиз кырдуу келип, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон.

Мечиттин ички жасалгасы

Мечиттин ички жасалгасы ары кооз, ары жөнөкөй. Селжук маданиятынын издерин кездештирүүгө болот. Мечиттин михрабы атайын ыкма менен керамика жана жыгачтын айкалышынан жасалган.

Арстанхане мечити ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирүүгө талапкер

Арстанхане мечити 2018-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине сунушталып, каттоодон өткөн. Алдыда мечитти негизги тизмекке киргизүү аракети көрүлүүдө

Алтындаг районунун акими Асым Балжы мечитти ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн болгон аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Арстанхане мечити ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кире турган болсо, аталган тизмекке алынган Түркиядагы эстеликтердин саны 19га жетет.

Anahtar Kelimeler: Арстанхане мечити, Анкара, ЮНЕСКО,

Жаңылыктар