30

Анкарада түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендигинин 30 жылдыгына арналган концерт өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган концерт жана сүрөт көргөзмөсү өттү.

25 Haziran 2021 13:00

 

Президенттик симфониялык оркестрдин залында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн элдик ырлары» аталыштагы концерттик программа жана сүрөт көргөзмөсү өттү. Иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигинин демилгеси менен уюштурулган. Аны өткөрүүгө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Маданият министрликтери колдоо көрсөткөн.

Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүсен Касеинов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Өзгүл Өзкан Явуз, Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Абзал Сапарбекули, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Алишер Агзамходжаев, бир катар мамлекеттердин Анкарадагы дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор катышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүсен Касеинов прогамманын ачылышын жасап жатып сүйлөгөн сөзүндө ТҮРКСОЙдун иш-аракеттери жана долбоорлору туралуу маалымат берди.

«ТҮРКСОЙ эл аралык уюму мүчө мамлекеттердин маданият, искусство жана илим жаатындагы өз ара байланышына абдан маанилүү салым кошту»,-деди ал.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Өзгүл Өзкан Явуз түрк тилдүү мамлекеттерди эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Концерттик прогамма президенттик симфониялык оркестрдин залында өтүп, Азербайжандык Агаверди Пашаев, Казакстандык Абилай Тилепберген, Кыргызстандык Ирина Сүйөркулова, Рысбек Жумакунов, Өзбекстандын Фируза Абдурахимова, Түркмөнстандык Гуванчмухаммед Сапаралиев жана Түркиялык Жем Гүрдал өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерттик программадан кийин коноктор түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхындагы урунттуу окуяларды, тарыхый жерлерин жана жаратылышын камтыган сүрөт көргөзмөнү кыдырышты.

Anahtar Kelimeler: Түрк тилдүү мамлекеттердин Эгемендиги, 30 жыл,

Жаңылыктар