10-30

Анкарада Түркиянын 10 мамлекет менен дипломатиялык алака түзүшүнүн 30 жылдыгы белгиленди

Түркиянын Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан менен дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30 жыл толду. Анкара шаарында “Дос жана боордош өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30 жылдыгы” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

06 Haziran 2022 16:31

Президенттик  аппараттын алдындагы улут китепканасында уюштурулган салтанатка Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстандын Түркиядагы элчилери жана дипломатиялык миссия өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамиле кылымдарга таянаарын баса белгиледи.

Өз кезегинде орус-украин согушуна токтолду.

«Тилекке каршы, биз акыркы убакта бир катар сыноолорго дуушар болуп жатабыз. Украина согушу баарыбызга таасирин тийгизүүдө. Биз согушка каршы экенибизди эң ​​башынан эле ачык айтканбыз. Биз Украинага материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү менен бирге көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөк көрсөтүүдөбүз»,- деди ал.

Өз кезегинде Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анкарага келерин кошумчалады.

Ал баса белгилегендей орус-укриан согушу Европада энергетика каатчылыгына алып келди. Анын таасирин жоюу үчүн бир катар альтернативалар каралууда.  Бул жагынан Азербайжан абдан маанилүү жоопкерчиликти өзүнө алууда.

Чавушоглу жакынкы күндөрү Түркия-Казакстан-Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтөөрүн белгилеп,  аталган жыйында энергия маселесиен өзгөчө көңүл бурулаарын кошумчалады. Борбор Азия жана Кавказдын ырааттуулугуна жана гүлдөшүнө салым кошуу түрк тышкы саясатынын негизи экенин белгиледи.

"Түрк мамлекеттер уюму- өз ара кызматташтыктын көрүнүктүү жемиши"

Чавушоглу Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы мамилеге токтолуп: «Түрк мамлекеттер уюму биргелешкен кызматташуубуздун көзгө көрүнөрлүк жемиши»,-деп баса белгиледи.

27-июнда Баку шаарында Түркия, Азербайжан жана Казакстандын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин жыйыны өтөөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Адам-турмуштун татаал жолунда жалгыз өзү алдыга жыла албайт, бирок бири-бирине ийиндеш болгондор ар кандай тоскоолдуктарды жеңе алат» деген сөзүн эске салып, Түркия келечекте дос өлкөлөр менен ийиндеш болуп, ар кандай тоскоолдуктарды жеңип чыгарына ишеним артты.

Иш-чаранын жыйынтыгында меймандар эстеликке сүрөткө түшүштү.

Салтанат концерттик программа менен жыйынтыкталды. 

Жаңылыктар