Анкаранын тарыхый жана туристтик борбору-Бейпазары

Тарыхый үйлөрү жана табигый кооздуктары менен таанымал Бейпазары районуна туристтер байма бай каттап турат.

15 Ağustos 2021 22:45

Анкаранын Бейпазары району- түрк элинин элинин маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган бирден-бир шаар. Салттуу архитектурасы, жасалгасы жана тамшандырган улуттук ашканасы менен эзелки бабалардын жашоо шарттарын элестейт.  

Бейпазары, көз жоосун алган тарыхый имараттары, салттуу үйлөрү жана байыркы архитектурасы менен өзгөчөлөнөт. Райондук башкаруу, бүгүнкү тез маалымат жашоонун агымына сиңип бара жаткан байыркы мурасты сактап калуу үчүн, эң сонун идеаны ишке ашырган. Шаардагы салттуу үйлөрдү, реконструциялап, жакшыртып, эс алуучу жайларга айландырган.

Учурда, Түркияда, Бейпазарын бир көрүүгө ашыккандардын саны арбын. Шаарга күн санап келген жергиликтүү туристтер, анын кооздугуна таң берип кайтышат.

Гид Бүлент Эрдемлинин айтымында бул жылы Бейпазарына келген туристтердин санында олуттуу өсүш болду. Шаарга келген ар бир мейман анын кооздугуна таң берип, ыраазы болуп кетишет.

Туристтер, шаардын тарыхый байлыктарына, жаратылышынын кооздугуна күбө болуу менен бирге музейлерди кыдырып, салттуу даамдарды татып, кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган буюмдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Anahtar Kelimeler: Бейпазары, Анкара, Түркия,

Жаңылыктар