Анталия дипломатия форуму өтөт

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров эртең Анталияда өтө турган дипломатиялык форумдун алкагында жолугушат. Бул, кол салуулар башталгандан берки тараптардын эң жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу болмокчу. 

09 Mart 2022 18:32

Түркиянын дипломатиялык аракеттери өз натыйжасын берип, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров эртең Анталияда жолугуша турган болушту. Жолугушуунун бирден бир максаты, кагылышууларды токтотуу жана ок атпоо режимин туруктуу орнотууну камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул иш-чара чоң бурулуш болоору күтүлүүдө.

Дмитрий Кулеаба менен Сергей Лавровдун ортосундагы жолугушуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун аракеттери натыйжасында ишке ашууда. Буга чейин Чавушоглу 11-13-мартта өтө турган Анталия форумунда тараптарды жолугуштурууну көздөп жатканын маалымдаган.

8-Стамбул ортомчулук конференциясы

Анталия шаарында «Стамбул ортомчулук конференциясы» да өтөт. Бул жылы 8-ирээт өткөрүлүп жаткан жыйынга, лидерлер, саясатчылар, дипломаттар, эксперттер, окумуштуулар жана студенттерден турган 200 адис катышары күтүлүүдө.

Жыйындын бул жылкы темасы: «Тынчтыктын өзгөргөн чөйрөсүндө ортомчулуктун көңүл борборундагы Түркия» деп аталат.

Анталия дипломатия форуму 

Анталия дипломатия форуму үстүбүздөгү жылдын 11-13-март күндөрү уюштурулат. Форумдун бул жылкы темасы:  «Дипломатияны кайра редакциялоо» деп аталат. Форумдун жүрүшүндө саясатчылар, алдыңкы академиктер, ойчулдар, лидерлер, дипломаттар жана ишкерлер, глобалдык жана аймактык маселелерди талкуулайт.

Аймактын жана дүйнөнүн келечеги тууралуу жаңы идеяларды жана тенденцияларды калыптандырууга ылайыктуу платформаны сунуштап, көйгөйлөрдү жөнгө салуу жолдорун издеген форумдун ишине бир катар өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, эл аралык платформалардын лидерлери катышаары күтүлүүдө. Ошондой эле НАТО жана ЕБдин өкүлдөрү Анталияга келет. Алардын катарында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Европа парламентинин баш катчысы Мария Бурич, Европа парламентинин Түркия боюнча баяндамачысы Начо Санчес Амор, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел, Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын жогорку өкүлү Мигель Анхель жана БУУнун Сомали боюнча атайын өкүлү Джеймс Свон бар.

Ошондой эле Косовонун президенти Вйоса Османи, Венесуэланын тышкы иштер министри Феликс Пласенсиа жана Босния-Герцеговинадан өкүлдөр келээри күтүлүүдө.

Форумдун ишине Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто, Словакиянын тышкы иштер министри Иван Корчок, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн жана Латвиянын коргоо министри Артис Пабрикс катышат.

Мындан тышкары Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики жана Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки катышаары күтүлүүдө.

Анталия дипломатия форуму Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кайрылуусу менен башталат.

Форумдун жүрүшүндө «тынчтыктын баасы же согуштун чыгымы», «коогалаңдуу доордо лидерлик жана дипломатия», «тынчтык жана гүлдөп өнүгүү үчүн аймактык жана глобалдык жолдор» аталыштагы панелдер уюштурулат.

 

Anahtar Kelimeler: Анталия дипломатия форуму,

Жаңылыктар