Анталияда Украина, Орусия жана Түркиянын Тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын Тышкы иштер министри М. Чавушоглунун катышуусундагы жыйын башталды.

10 Mart 2022 12:02

Бүткүл дүйнө Анталияда башталган үч тараптуу жыйынга сереп салууда.

Түркиянын дипломатиялык аракеттери өз натыйжасын берип, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Анталияда жолугушту.

Үч тараптуу жолугушуунун алдында, Түркиянын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу Кулеба жана Лавров менен өз-өзүнчө жолугушту.

Жолугушуунун бирден бир максаты, кагылышууларды токтотуу жана ок атпоо режимин туруктуу орнотууну камсыз кылуу болуп эсептелет.

Түркия дипломатиялык сүйлөшүүлөрү натыйжасын берди

Анталия шаарындагы жолугушуу чоң бурулуш болоору күтүлүүдө.

Дмитрий Кулеба менен Сергей Лавровдун ортосундагы жолугушуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун аракеттери натыйжасында ишке ашууда. Буга чейин Чавушоглу 11-13-мартта өтө турган Анталия форумунда тараптарды жолугуштурууну көздөп жатканын маалымдаган.

Анталиядагы жолугушуу үч министрдин катышуусунда өтөт.

Анталия дипломатия форуму 

Ал эми эртең, 11-мартта Анталия дипломатиялык форуму башталат.  Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун төрагалыгы астында өтө турган форумду Президент Режеп Таййип Эрдоган ачып бермекчи. 

Форумга дүйнө жүзүнөн үч миңдей дипломаттардын катышары күтүлүүдө. Алардын катарында 19 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, 73 өлкөнүн министри жана эл аралык уюмдардын 42 өкүлү бар.

Жыйынга катыша тургандардын катарында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян да бар. Белгилей кетсек Түркия менен Армения өз ара алаканы жакшыртуу аракетин көрүүдө.

 

Anahtar Kelimeler: Орусия, Украина, Түркия,

Жаңылыктар